Михаил Мясникович Кыргызстанга иш сапары менен келет

16 декабря 2021, 09:59

Кыргызстандын 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуусунун алдында 15-17-декабрда Бишкекке Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жумушчу сапары менен келет.

Сапардын программасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен жолугушуулар каралган.

Ошондой эле, экономика жана коммерция министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.