МИК аймактагы тургундарга 1 млрд сомдон ашык насыя берди

30 октября 2023, 14:52

Кыргызстандын аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, Мамлекеттик ипотекалык компания Германиянын KFW өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” программасын жигердүү ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын сентябрь-октябрь айларында жалпы суммасы 1 млрд 350 млн сомдон ашкан 670 ипотекалык насыя берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп.

Алсак, 2020-жылдан 2023-жылга чейин программанын үч фазасынын алкагында калк жалпы суммасы 2,3 млрд сомду түзгөн 1 миң 446 ипотекалык насыя алышкан.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 21-августунда Мамлекеттик ипотекалык компания бул программанын үчүнчү фазасын ишке киргизген. Бирок 2023-жылдын 11-октябрынан баштап программалык ресурстардын чектелүүсүнөн улам “МИК” ААКтын электрондук порталында жаңы арыздарды кабыл алуу токтотулган.