МИК сот кызматкерлери үчүн тогуз кабаттуу үйдүн курулушун бүтүрөт

6 декабря 2022, 13:21

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы (МИК) сот кызматкерлери үчүн 9 кабаттуу чоң панелдүү турак жайдын курулушун бүтүрөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

МИК Мамкурулушка караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти менен келишим түздү.

Бул турак-жай кызматташтыгы келишимине 29-ноябрда кол коюлду.