Мамлекеттик ипотекалык компания уставдык капиталын 40.2 млн сомго көбөйттү

14 июля 2020, 09:32

Өткөн соода аптасынын жыйынтыгында, 6-10 июлдга карата сатыктардын көлөмү көбөйүп, 42.5 млн сомду түзгөн. Өсүшкө «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААкнын 6-кошумча чыгаруусунун биринчи рыногунун секциясында бекитилген келишим өбөлгө түзгөн.

Ишкананын баалуу кагаздарынын сатылышы жуманын сатыктарынын 94 пайызын ээлеген.

 

«Келишимдин жыйынтыгында, МИКтин уставдык капиталы 40.2 млн сомго көбөйгөн. Жыл башынан бери мамлекеттик ишкана жалпы суммасы 140.2 млн сомду түзгөн эки кошумча акцияларды жайгаштырууну өткөргөн»,-деп билдиришет Кыргыз фондалук биржасынан.