«АБН» микрофинансылык компаниясы облигацияларды төлөгөнүн жарыялады
"АБН" микрофинансылык компаниясы 2020-жылдын 14-августунда чыгарылган номиналдык пайыздык облигацияларды төлөгөнүн жарыялады.
Мунун себеби облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрүлдү. Компания карыздык баалуу кагаздарды инвесторлордон 3-марттан 15-мартка чейин сатып алган.
"Чыгаруунун көлөмү 40 млн сомду түздү, бир баалуу кагазга 1 миң сом туура келди. Анын ичинен компания 36 млн 153 миң сомго облигацияларды кайра сатып алды", - деп айтылат маалыматта.
Номиналдуу пайыздык облигацияларды жайгаштырууда микрофинансы компаниясы облигацияларды кармоочуларга жылдык 15% киреше сунуштаган.