Микрофинансылык компания 165 миң сом айып төлөдү

26 июля 2023, 14:57

Каржы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы микрофинансылык компанияга 165 миң сом айып салды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 3 айып салынды. Мунун себеби микрофинансылык компания Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузгандыгы менен байланыштуу болгон.