Микрокредиттик компаниялардын бирине 55 миң сом айып салынды

15 января 2024, 14:26

Улуттук банк өлкөнүн мыйзамын бузгандыгы үчүн 55 миң сом айып салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, микрокредиттик компания өлкөнүн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузган.