Жети-Өгүз районунун милициясы 1 млн сомго кичи автобус сатып алат

26 апреля 2021, 12:30

Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондусун башкаруу дирекциясы Жети-Өгүз районунун Ички иштер башкармалыгына кичи автобус сатып алууну көздөп жатат. Кайра өткөрүлгөн тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган.

Милиция кызматкерлерин ыкчам өткөрүп берүү үчүн атайын унааларга 1 миллион сом сарпталат.

Белгилей кетсек, фонддун бюджети "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын дүң кирешесинин 1% түзөт.