Өкмөт 740 млн сомго электрондук паспорттордун бланктарын сатып алат

30 марта 2023, 17:42

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн электрондук паспорттордун бланктарын даярдоо жана жеткирүү боюнча тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Тендердин баасы 739 миллион 425 миң 350 сомду түзөт.  Бирок талаптары ачыкталган жок.