Санариптик өнүктүрүү министрлиги 35 млн сомго сервердик жабдууларды сатып алат

25 ноября 2021, 10:24

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын ЕАЭБге катышуусунун алкагында сервердик жабдууларды сатып алуу боюнча тендер жарыялаганын мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Конкурстук арыздын баасы 35 миллион сомду түзөт. Бул акчага тармактык серверлерди сатып алуу пландалууда.

Тендердин шартына ылайык, серверлер министрликке 2022-жылдын февраль айынын башында жеткирилиши керек.