Санариптик өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн иш тутумунун инновациялык моделин ишке киргизет

16 ноября 2021, 11:47

Санариптик өнүктүрүү министрлиги IGov (innovative government – “инновациялык өкмөт”) концепциясына ылайык Кыргызстандын өкмөтүнүн инновациялык моделин иштеп чыгып, ишке киргизе баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандар үчүн стратегиялык демилгенин негизги натыйжасы санариптик кызматтардын сапатын жана канааттануусун жогорулатуу болушу керек. Ошондой эле жарандардын ар кандай керектөөлөрүн чечүүдө мамлекет менен өз ара аракеттенүүдө адам факторунун төмөндөшү жана жарандардын артыкчылыктуу керектөөлөрүн талдоону эске алуу менен мамлекеттик активдүү демилгелердин көбөйүшү күтүлүүдө.

Бизнес сектору үчүн концепцияны ишке ашыруунун негизги натыйжасы болуп санариптик мамлекеттик маалыматтык системалар менен өнөктөштүк аркылуу кардарлар үчүн сунуштар портфелинин көбөйүшү жана ар кандай атаандаштык артыкчылыктар болушу керек.