Экономика министрлиги Кореяга инвестициялык долбоорлорду сунуштады

1 декабря 2021, 12:56

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Республикасынын Президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Пак Чон Су жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ баштаган делегациясына текстиль өнөр жайы жана энергетика тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунуштады.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана ишкердик мамилелерди өнүктүрүү маселелерин Дүйшөмбүдө 14-Борбор Азия – Корея Республикасы кызматташуу форумунун алкагында талкуулашты.

Атап айтканда, кореялык тарапка "Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча технополис" долбоору, ГЭСтерди куруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоор жана Кыргызстандын эркин экономикалык аймактарында өндүрүштү түзүү боюнча долбоорлор сунушталды.