Коомдук тамактануу үчүн бирдиктүү салыктын жаңы ставкаларын кабыл алуу сунушталууда

25 августа 2022, 14:40

Коомдук тамактануу ишканалары үчүн кирешелердин көлөмүн чектебестен 3 пайыздан 6 пайызга чейинки өлчөмдө бирдиктүү салыктын жаңы ставкаларын кабыл алуу сунушталууда. Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыгып, министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга жайгаштырылды.

Бирдиктүү салыктын ставкалары бизнес өкүлдөрү менен талкуулангандан кийин сунушталганы көрсөтүлгөн. Ошентип, төмөнкү тарифтерди белгилөө сунушталат:

Бишкек жана Ош шаарларында:

  • 6% - накталай түрдө;
  • 4% - накталай эмес формада.

Кыргыз Республикасынын калган аймактарында:

  • 5% - накталай түрдө;
  • 3% - накталай эмес формада.

Мындан тышкары, туроператордук ишмердүүлүк үчүн кирешелердин көлөмүн эсепке албастан бирдиктүү салыкты киргизүү сунушталууда. Анын өлчөмү накталай түрдө 4%, накталай эмес формада 2% болот. Өзгөртүүлөр курулуш бизнесине жана чыгармачыл тармакка да таасирин тийгизерин кошумчалайбыз.