Энергетикалык суусундуктардын акциздик ставкасын төмөндөтүү сунушталды

1 декабря 2022, 10:53

Экономика жана коммерция министрлиги энергетикалык суусундуктарга болгон акциздик ставканы литрин 20 сомдон 2 сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштоода. Аталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Жаңы акциздик ставка мыйзам долбооруна ылайык, ал 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын башына чейин күчүндө болушу керек. Андан кийин 3 сомго чейин көтөрүлөт. Баштапкы документте литри 30 сомго чейин көтөрүлүшү керек болчу.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта таңгакталган жана дүңүнөн сатылуучу суусундукту акциздик салык менен маркалоону талап кылуу сунушталууда.