Экономика жана каржы министрлиги ички инвесторлордон 250 млн сом насыя алууну көздөөдө

21 апреля 2021, 09:35

Улуттук банк мамлекеттик казына облигацияларын эки жылга жайгаштырат. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Ошентип, жайгаштыруунун көлөмү 5% купондук чен менен 250 миллион сомду түзөт.

Насыялар 2023-жылга чейин октябрь жана апрель айларынын аягында төлөнүп берилет.