Экономика министрлиги Кыргызстандын сапат сыйлыктарынын ээлерин атады

26 ноября 2021, 10:30

Кече, 25-ноябрда Экономика жана соода министрлигинде Кыргызстандын сапаты боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча тандалды:

  • Эт жана эт продуктыларын чыгаруу боюнча ишканалар;
  • Өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизген илимий мекемелер;
  • Үрөн чарбалары;
  • Асыл тукум мал остуруучу чарбалар.

Сынактын жыйынтыгы боюнча КР сыйлыктарын ыйгаруу кеңеши лауреаттарды атады, алар:

  • "Адал Азык" ЖЧК эт жана эт азыктарын өндүрүү ишканасы,
  • "Тойбосс" ТМ (Чүй району);
  • "Эл Дан Аталык" ЖЧК үрөн чарбасы (Чүй району);
  • Асыл тукум мал чарбасы - "Тимьян" дыйкан чарбасы (Чүй району);
  • Жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү үчүн – Республикалык "Табигий-Таш" илимий борбору (Ош шаары).

Сыйлыктарды алуу үчүн сынак 2020-жылы Кыргызстандын сапаты боюнча сыйлыктарды тапшыруу боюнча кеңеш тарабынан жарыяланганын кошумчалайбыз.