Экономика министрлиги альтернативдүү энергетика үчүн инвестор издөөдө

22 ноября 2021, 10:36

Кыргызстанда альтернативдик энергия булактарына өтүү жаатында көрүлүп жаткан чараларды эске алуу менен Экономика жана соода министрлиги ата мекендик жана чет элдик компанияларды фотоэлектр энергиясын өндүрүү боюнча долбоорлорго кызыгуу көрсөтүүгө чакырууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Дүйнөлүк практикада жогорку эффективдүү күн кристаллдык элементтерин жана модулдарын өндүрүүдө эң ийгиликтүү компаниялар болуп төмөнкүлөр саналат: LONGi Solar Technology Co., Ltd., LG Energy, REC Group, SunPower, Hanwha Q Cells, Trina Solar, Jinko Solar жана башкалар", - деп жазды басма сөз кызматы.