Энергетика министрлиги өлкөдөн көмүрдү экспорттоого тыюу салууну каалайт

7 октября 2022, 17:04

Энергетика министрлиги өлкөдөн көмүр ташып чыгууга тыюу салууну каалайт. Бул тууралуу министр Таалайбек Ибраев парламенттин 6-октябрдагы жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков ишкерлер кыргыз көмүрүн элди ойлобой башка өлкөлөргө экспорттоп жатканын айтты.

Буга Ибраев депутаттын сөзүн тастыктап, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүрү Бишкекте жыйналып, 20 тонналык жүк ташуучу унаалар менен өлкөдөн чыгарылып жатканын билдирди.

“Азыр Министрлер кабинети көмүрдү өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салуу боюнча токтом даярдап жатат”, - деди ал.