Энергетика министрлиги 55,1 млн сомго техника сатып алды

5 августа 2021, 11:00

"Кара-Кече" көмүр кени үчүн Кореядан жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын февраль айында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалы эки кореялык DOOSAN экскаваторун сатып алууга тендер жарыялаган. Техника Кыргызстанга бир нече күндүн ичинде жеткирилет. Анын баасы 55 миллион 112 миң сомду түздү.

Мамлекеттик ишкана өзүнүн жабдуулары жоктугунан техниканы ижарага алып иштетип келет.