Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандын ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Токтом порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы №81 токтому менен минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары Кыргызстандан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.