Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга бюджеттен 975,4 млн. сом бөлүндү

17 февраля 2022, 11:38

2022-жылга карата Кыргызстандын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 268,6 миң тоннаны түзөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Минералдык жер семирткичтердин ичинен азоттук жер семирткичтер 146,9 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер 104,5 миң тонна, калийдик жер семирткичтер 17,2 миң тонна.

Минералдык жер семирткичтердин керектелүүчү көлөмүн камсыз кылуу максатында 30,0 миң тонна жер семирткичти сатып келүү үчүн республикалык бюджеттен 975,4 млн. сом кошумча акча каражаты бөлүндү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын айдоо аянттарынын түзүмүнө жараша 2021-жылга республиканын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон болжолдуу муктаждыгы 266,7 миң тоннаны түзүп, бирок республикага 139,1 миң тонна жер семирткичкер алынып келинген. Рыноктун муктаждыгы толук камсыз болбогондугунан улам 2021-жылы жер семирткичтерге болгон баа кескин өсүп кеткен.