Каржы министрлиги жуманын аягына чейин бюджетке 350 млн сом тартууну пландоодо
Кыргызстандын Каржы министрлиги мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу аркылуу бюджетке 350 млн сом тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Алсак, 20 жана 21-январда Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт. 20-январда Улуттук банк 50 млн сом өлчөмүндөгү 12 ай болгон мамлекеттик векселдерди, бир күндөн кийин, 21-январда 300 млн сомдук 2 жыл болгон казыналык облигацияларды сунуштайт.
Кошумчалай кетсек, 13-январда Улуттук банк 12 ай болгон мамлекеттик векселдерди 51,7 млн сомго 8,45% менен жайгаштырган.