Каржы министрлиги Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 100 миллион долларды качан котороорун билбейт

24 декабря 2020, 15:50

Кыргызстан Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 100 миллион доллар насыя каражатын качан котороорун күтүүдө. Бирок, так даталары Каржы министрлигине белгисиз. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган фонд менен ушул каражаттарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок маселе азырынча чечиле элек.

"Белгилүү болгондой, 12-13-ноябрда биздин биринчи вице-премьер-министр жана менин кесиптешим - каржы министринин орун басары бул маселе боюнча Москвага барып келишти. Бүгүнкү күнгө чейин тактоочу мүнөздөгү сүйлөшүү процесстери жүрүп жатат", - деди ал.

Анткен менен каржы министрлиги каражат быйыл которулаарынан күмөн санап жатат.