Финансы министри бюджетке дээрлик 2 млрд сом тартууну пландоодо
Кыргызстандын Финансы министрлиги тарабынан февраль айында мамлекеттик баалуу кагаздарды алдын ала чыгаруу көлөмүн жарыялагандыгы тууралуу Улуттук банк билдирет.
Андагы маалыматка караганда, февралда Каржы министрлиги баалуу кагаздарды чыгаруу менен бюджетке 1 млрд 960 млн сом тартууну пландоодо. Анын ичинен мамлекеттик векселдердин эсебинен 100 млн сом.
Ошол эле учурда каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 1 млрд 860 млн сому жүгүртүү мөөнөтү 3 жылдан 15 жылга чейинки казыналык облигациялар аркылуу казынага түшүшү керек.