Финансы министрлиги бардык каржы операцияларын токтотту

6 октября 2020, 15:11

Азыркы учурда Финансы министрлиги аркылуу жүргүзүлчү операциялардын бардыгы токтотулду. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат. 

Азыркы учурда элдик комитеттер жана элдик кошуундар түзүлүп, министрликтин үзгүлтүксүз иштеши үчүн аракеттер көрүлүүдө. Кийинчерээк министрлик акырындык менен ишин турукташтырат. 

«Бардык каржы операциялар мыйзамдуу түрдө мамлекеттик орган түзүлгүчөктү токтотулат», — деп маалымдашты ведомствонун сайтында.