Каржы министрлиги апта аягына чейин бюджетке 2,6 млрд сом тартууну көздөөдө
Ушул аптанын жума күнү, 18-ноябрда жүгүртүү мөөнөтү 2 жана 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Жайгаштыруунун жалпы пландаштырылган көлөмү 2,6 миллиард сом. Анын 800 миллион сому 6 пайыздык купондук кирешеси бар 2 жылдык баалуу кагаздарды жана 1,8 миллиард сому 8 пайыздык кирешеси менен 10 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду. Купондук киреше жылына эки жолу төлөнөт.
Эске салсак, 15-ноябрга карата ички карыз 84 миллиард 971,5 миллион сомду түзгөн.