Каржы министрлиги 550 млн сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштырууну көздөп жатат
Улуттук банк 3-мартта жети жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Эмиссиянын пландаштырылган көлөмү 550 миллион сомго бааланган. Баалуу кагаздар боюнча купондук чен 7% өлчөмүндө белгиленген, купон жылына эки жолу төлөнөт.
Баалуу кагаздардын толук төлөө мөөнөтү 2030-жылдын 6-марты болуп саналат.
Эске салсак, эртең, 2-мартта Улуттук банк 12 айлык векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Эмиссиянын көлөмү 60 миллион сомду түзөт.