Финансы министрлиги баалуу кагаздардын эсебинен 1.5 млрд сомдон ашык каражат тартат

25 февраля 2021, 17:00

Финансы минисрлиги март айында мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 1.6 млрд сом тартууну пландаган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен жалпысынан 1 млрд 400 млн сом тартылат. Андан сырткары, финансы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуунун эсебинен 220 млн сом тартууну көздөйт. 

Белгилей кетсек, мартта баалуу кагаздардын көлөмү 100 млн сомго көп болот.