Каржы министрлиги өлкө ичинде 1,2 млрд сом карыз алууну көздөп жатат

20 июля 2023, 10:53

Улуттук банк 21-июлда 10 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт.

Мамлекеттик облигациялардын жаңы чыгарылышы менен Каржы министрлиги бюджетке 1,2 млрд сом тартууну пландаштырууда. Белгилеп кетсек, буга чейинки соодалардын жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздардын бул түрүнүн орточо кирешелүүлүгү 13,9%ды, ал эми канааттандырылган табыштамалар боюнча максималдуу кирешелүүлүк 16,55%га жеткен.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу ички рынокто мамлекеттен карыз алуу куралы болуп саналат, башкача айтканда, чыгарылган казыналык баалуу кагаздардын көлөмү өлкөнүн ички карызы болуп эсептелет.