Эртең Каржы министрлиги мамлекеттик облигацияларды жайгаштырат

21 декабря 2023, 13:20

Эртең, 22-декабрда Кыргыз фондулук биржасында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу боюнча аукцион башталат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

“Акчабар” буга чейин жазгандай, аукционго мамлекеттик казына облигацияларынын (МКО) эки түрү коюлат: сом жана рубль.

Сомдук облигациялар купондук ставкасы 15,5% жылдык жана 100 сом номиналы менен сунушталып, жүгүртүү мөөнөтү эки жыл. Рублдеги облигациялар 100 рублдик номиналдык наркы менен жылына 14,5% купондук ченге ээ жана ошондой эле эки жылдык төлөө мөөнөтү бар. Кызыктуу жагдай облигациялардын эки түрү боюнча пайыздык төлөмдөр квартал сайын болуп турат.

Эмиссиянын көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 1 млрд сом жана 1 млрд рублди түзөт.