Мамлекеттик баалуу кагаздарга суроо-талаптын жоктугунан бюджетке 300 млн сом тартылган жок

10 октября 2022, 13:50

Бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик жети жылдык казына облигацияларын кошумча жайгаштыруу болгон жок. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Буга себеп суроо-талаптын жоктугу болгон.

Кошумчалай кетсек, облигацияларды кошумча жайгаштыруунун эсебинен Каржы министрлиги бюджетке 300 миллион сом тартууну пландаган. Чыгарылыш боюнча кирешелүүлүк 15,50% пландаштырылган.