Каржы министрлиги бюджетке 50 млн сом тарта алган жок

8 июля 2022, 13:42

Ушул жылдын 7-июлунда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

Мындай чечим талаптын жоктугунан улам кабыл алынган.

Белгилеп кетсек, Каржы министрлиги казыналык векселдерди чыгаруу аркылуу 50 миллион сом тартууну пландаган.

Кошумчаласак, 7-июлга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдери боюнча милдеттенмелери 894 миллион 406 миң сомго бааланды.