Мамлекеттик облигациялар аркылуу бюджетке 580 млн сом тартылбай калды

28 января 2022, 16:46

Бүгүн, 28-январда 10 жыл болгон мамлекеттик казына облигациялар боюнча аукцион, суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, аукциондо 8 пайыздык купондук чен менен 580 млн сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу пландалган.

Кошумчалай кетсек, 28-январга карата Кыргызстандын 10 жыл болгон мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелери 17 млрд 347,9 млн сомго бааланган.