Каржы министрлиги эки жылдык облигациялар аркылуу 800 млн сом тарта алган жок

18 ноября 2022, 16:57

Бүгүн, 18-ноябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча, 10 жылдык мамлекеттик казыналык облигациялардын эмиссиясы боюнча кирешелүүлүк 16,5% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Быйыл 21-октябрдагы акыркы соодалоодон бери 10 жылдык мамлекеттик казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү 0,8%га өстү. 

Облигациялардын кандай көлөмдө жайгаштырылганы айтылган эмес. Бирок, буга чейин Улуттук банк баалуу кагаздар 1,8 миллиард сом өлчөмүндө жайгаштырыларын маалымдаган. 

Суроо-талаптын жоктугунан эки жылдык мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча аукцион өткөн жок.