Каржы министрлиги бюджетке 50 млн сом тарта алган жок

4 августа 2022, 13:29

Бүгүн 12 айлык мамлекеттик казына векселдери боюнча аукцион жараксыз деп табылганын Улуттук банктан билдиришти.

Мындай чечим талаптын жоктугунан улам кабыл алынган.

Ошол эле учурда аукциондо бюджетке 50 миллион сом тартуу пландалган.

Кошумчаласак, 4-августка карата республиканын казыналык векселдер боюнча милдеттенмелери 894 миллион 406 миң сомго бааланды.