Каржы министрлиги мамлекеттик сатып алуулар порталын жаңылайт

26 декабря 2022, 11:06

Республикада мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү үчүн Финансы министрлиги жаңыланган порталды иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. 

Белгиленгендей, жаңыланган Мамлекеттик сатып алуулар порталы 2023-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт. Анда жаңы маалыматтык технологиялар, тактап айтканда смарт-контракт, электрондук келишимдеги контракт, шифрлөө, электрондук банктык келишимди колдоо сыяктуу технологияларды колдонуу менен камтылат.

Ошондой эле, сатып алуу процессин башкарууга, тараптардын өз ара милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берген контракттарды башкаруунун жаңы бөлүмү киргизилүүдө, ал тобокелдиктерди, контракттардын аткарылбай калышын жана коррупциялык компоненттерди азайтууга багытталган.

Мындан тышкары, Жаңы порталда электрондук сатып алуулар тутумунун маалыматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн коомчулукка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контролдун жаңы инструменттери – мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарына жетүү үчүн бирдиктүү терезе болгон OCDS ачык маалыматтар стандарттары каралган.