Дүйнөлүк банк менен чакан жана орто бизнести колдоо үчүн каржылоону көбөйтүү маселеси талкууланат

24 октября 2022, 09:06

Жакынкы арада Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен кичи жана орто ишканаларды колдоо боюнча долбоорду каржылоону 50 миллион долларга көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландоодо.

Учурда кайра кайтарып берүүнүн негизинде пайызсыз каржылык жардам көрсөтүү боюнча долбоордун жалпы суммасы 72 миллион доллар болууда. Бул дээрлик 6 миллиард сомдон ашык каражатты түзөт.

“Учурда он банкка 280 миллион сом которулду”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Эске салсак, Кыргызстанда микро, кичи жана орто ишканаларды колдоо долбоору президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылып, анын негизинде жардам берүү механизми боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Аны Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы каржылайт.