Каржы министрлиги декабрь айында мамлекеттик баалуу кагаздардын кошумча чыгарылышын жарыялады

13 декабря 2021, 16:56

Каржы министрлиги декабрь айына мамлекеттик баалуу кагаздардын кошумча чыгарылышын жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, 16-17-декабрда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин 100 миллион сомго жана ошол эле суммага 3 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт.

Эске салсак, буга чейин Каржы министрлиги декабрь айында мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 8 миллиард 90 миллион сом тартууну көздөп жатканы айтылган.