Финансы министрлиги мамлекеттик облигациялардын кошумча чыгарылышын жарыялады

15 ноября 2021, 09:20

Каржы министрлиги ушул жылдын ноябрь айына мамлекеттик казына облигацияларынын кошумча чыгарылышын жарыялады.

Тактап айтканда, 19-ноябрда мамлекеттик 2 жылдык казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Эмиссиянын көлөмү 750 миллион сом, купондук чен 5%.

Ушул жылдын 12-ноябрына карата өкмөттүн 2 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери 1 миллиард 721 миллион 440 миң сомду түзгөнүн кошумчалайбыз.