Каржы министрлиги баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 1,5 млрд сом тартууну көздөп жатат
Каржы министрлиги ушул жылдын май айына карата мамлекеттик баалуу кагаздардын алдын ала көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жалпы көлөмү 1 миллиард 520 миллион сомду түзөт. Каржы министрлиги бюджеттин көпчүлүк бөлүгүн мамлекеттик облигациялардан тез арада 1,3 миллиард сомго тартууну көздөп жатат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик облигациялар 5% дан 7% га чейинки купондук чен менен үч, жети, эки жана он жылдык мөөнөт менен чыгарылат.
Мындан тышкары, мамлекеттик казына векселдеринин эсебинен дагы 220 миллион сом мамлекеттик казынага түшүшү керек.