Ноябрь айындагы баалуу кагаздардын алдын ала чыгарылышы жарыяланды

27 октября 2022, 11:57

Каржы министрлиги 2022-жылдын ноябрь айына мамлекеттик казына векселдерин жана мамлекеттик казына милдеттенмелерин чыгаруунун алдын ала көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Ага ылайык, 12 айлык мамлекеттик векселдерди 100 миллион сомго жайгаштыруу боюнча эки аукцион өткөрүү пландалууда.

Ошондой эле жалпы суммасы 5 миллиард 900 миллион сомдук мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча төрт аукцион өткөрүлөт.