Каржы министрлиги 2022-жылдагы бюджеттин чыгашасы тууралуу маалымат берди

6 марта 2023, 14:18

Былтыркы жылы жарандардын айлык акысы 32 миллиард сомго, пенсиялар 5,6 миллиард сомго, жөлөкпулдар 5,4 миллиард сомго көбөйтүлдү. Мындай маалыматтар менен Каржы министрлиги бөлүштү.

Ошондой эле, Бишкек шаарында 15 жаңы мектеп жана 1 бала бакча курулду. Ирригациялык курулуштар жана жол инфраструктурасы оңдолуп, 20 миң тонна битум сатылып алынган.

"Өткөн жылы мамлекеттин материалдык резервдери толукталды. Ошондой эле 12,3 миң тонна үрөн, 5 миң тонна жер семирткич сатылып алынган. Жабдуулар, анын ичинде мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн сатылып алынган", - деп белгиледи Финансы министрлиги.

Ошону менен бирге, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешелери 270 миллиард 310 миллион 608,2 миң сом деңгээлинде болгон.