Мамлекеттик облигациялар аркылуу бюджетке 1,5 млрд сом тартуу пландалууда

8 июня 2023, 12:16

Ушул жылдын 9-июнунда жети жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жети жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын жаңы чыгарылышына байланыштуу Каржы министрлиги бюджетке 1,5 миллиард сом тартууну пландаштырууда. Баалуу кагаздар боюнча купондук чен 7% өлчөмүндө белгиленген.

Белгиленгендей, купондорду төлөө жылына эки жолу – июнь жана декабрь айларында, 2030-жылдын 12-июнуна пландаштырылган төлөнүүчү күнгө чейин жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан Финансы министрлиги мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу аркылуу июнь айында ички рынокто 2,3 млрд сом карыз алууну пландаштырууда.