Мамоблигациялар аркылуу бюджетке 250 млн сом тартуу пландалууда
9-февралда жүгүртүү мөөнөтү беш жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Жайгаштыруу аркылуу 250 млн сом тартуу пландалууда.
Жылдык купондук ставка 6% өлчөмүндө белгиленген.