Каржы министрлиги бюджетке 350 млн сом тартууну пландоодо

15 февраля 2023, 15:00

Ушул жылдын 17-февралында мамлекеттик казына облигацияларын жүгүртүү мөөнөтү беш жыл болгон аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Аукционго 350 миллион сом коюу пландалууда.

Купондук ставка 6% өлчөмүндө белгиленген.