Каржы министрлиги бюджетке элүү млн сом тартууну пландоодо

1 ноября 2022, 16:30

Ушул аптанын 3-ноябрында жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Пландаштырылган баалуу кагаздардын көлөмү 50 миллион сомду түзөт.   

Эске салсак, 12 айлык мамлекеттик казына векселдери боюнча акыркы аукцион катышуучулардын санынын жетишсиздигинен жараксыз деп табылган.