Каржы министрлиги бюджетке 800 млн сом тартууну пландап жатат

18 января 2023, 12:03

Ушул жылдын 20-январында жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

Пландаштырылган чыгаруу көлөмү 800 миллион сомду түзөт.

Купондук чен 8% өлчөмүндө белгиленген.