Финансы министрлиги бюджетке 1.52 млрд сом тартууну пландоодо

31 марта 2021, 11:26

Кыргызстандын экономика жана финансы министрлиги апрель айында чыгуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү боюнча алдын-ала билдирүү таратты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Жайгаштыруунун биргелешкен көлөмү 1.52 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен тартуу пландалууда. 

Кошумчалай кетсек, март айында мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 1 млрд 620 млн сом тартуу пландалууда.