Каржы министрлиги августта ички рыноктон 1,5 млрд сом карыз алууну пландаштырууда

27 июля 2022, 12:37

Каржы министрлиги 2022-жылдын августуна карата мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды чыгаруунун алдын ала көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, август айында министрлик мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 1,5 млрд сом тартат. Анын 100 миллион сому мамлекеттик векселдерден, калган 1,4 миллиарды мамлекеттик облигациялардан болот.

Кошумчаласак, Каржы министрлиги 2,2 миллиард сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууну пландаштырган июль айына салыштырмалуу баалуу кагаздарды чыгаруунун көлөмү 1,5 эсеге кыскарды.