Финансы министрлиги май айында бюджетке 1.35 млрд сом тартууну пландоодо

29 апреля 2020, 16:58

Кыргызстандын финансы министрлиги үстүбүздөгү жылдын май айында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын чыгарыла турчу алдын ала көлөмүн жарыялады. 

 

Белгиленгендей, финансы министрлиги бюджетке баалуу кагаздардан 150 млн сом жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу менен 1.2 млрд сомду тартууну пландоодо. Анын ичинен 800 млн сомду ведомство 7-жылдык баалуу кагаздардын акционунун эсебинен тарта тургандыгын билдирди. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын ички карызы январь айынын аягынан тарта 29-февралга чейин 227 млн 990 миң сомго же 2 млн доллар 836 миң 455 сомго (УБ 27-апрелдеги курсу боюнча) өскөн. Бул узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын көлөмүнөн басымдуулук кылат.